БШК эл аралык 43 байкоочуну аккредитациялады
- 4 года мурун
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 6-декабрдагы жыйынында Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрүү чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу БШК маалыматтык бөлүмү билдирди.
6-декабрга карата 7 чет өлкөдөн 6 эл аралык уюмдун атынан 43 эл аралык байкоочу катталды.
Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн – 1 байкоочу;
Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгүнөн (IFES) – 1 байкоочу;
Молдова БШКнан – 2 байкоочу;
КМШ ПАА – 34 байкоочу;
КМШ миссиясы – 4 байкоочу;
Азербайджан БШКнан – 1 байкоочу.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленди.
Иллюстрацилык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү