​COVID-19: Бир суткада 293 кишиге жукту

  • 4 года мурун

7-декабрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 293 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 121;
Ош — 4;
Чүй облусу – 63;
Ош облусу — 5;
Талас облусу — 11;
Нарын облусу — 1 ;
Ысык-Көл облусу – 46;
Жалал-Абад облусу – 30;
Баткен облусу — 12.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 9 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3980 учур катталды, алардын ичинен 3679 медкызматкер сакайды.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 75395 кишиге жетти.

Коронавирустан 407 киши айыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 67400 кишиге жетти.

2 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1297 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты