»Мекеним Кыргызстан” фракциясынан Данияр Шакирбаев Кара-Балта шаарынын мэри болуп шайланды
- 4 года мурун
«Мекеним Кыргызстан» фракциясынан Данияр Шакирбаев Кара-Балта шаарынын мэри болуп шайланды.
Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.
Кара-Балта шаарынын мэрлик кызматына 3 талапкер — «Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан» Бакыт Раманкулов, «ЭлАман» фракциясынан Таалайбек Сүйүмбаев жана «Мекеним Кыргызстан» фракциясынан Данияр Шакирбаев көрсөтүлгөн.
Добуш берүүгө Кара-Балта шаардык кеңешинин бардык 31 депутаты катышкан. Таалайбек Суюмбаев 13 добуш, ал эми Данияр Шакирбаев 18 добушка ээ болгон. Бакыт Раманкулов добуш алган жок.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү