​COVID-19: Өлкөдө 75 миңге жакын киши чалдыкты

  • 4 года мурун

6-декабрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 328 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 122;
Ош – 11;
Чүй облусу – 87;
Ош облусу — 12;
Талас облусу — 12;
Нарын облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 48;
Жалал-Абад облусу – 13;
Баткен облусу — 17.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 74973 кишиге жетти.

Коронавирустан 455 киши айыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 66993 кишиге жетти.

5 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1295 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты