Канат Сагымбаев үй камагына чыгарылды. Фарид Ниязов камакта калды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев үй камагына чыгарылды. Ал эми президенттик аппараттын экс- жетекчиси Фарид Ниязов 2021-жылдын 10-февралына чейин камакта калды.

Мындай чечимди бүгүн, 5-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу вдвокат Замир Жоошев билдирди.

Канат Сагымбаев жана Фарид Ниязов 7-8-августтагы Кой-Таш окуялары боюнча айыпталып кармалган.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы баш-аламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, аны ичинде Алмазбек Атамбаевди, Канат Сагымбаевди, Фарид Ниязовду бошоткон.

9-октябрда массалык баш-аламандыкты уюштургандыгы үчүн мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов кармалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты