Бизнести текшерүүгө киргизилген мораторий мөөнөтү узарды
- 4 года мурун
Кыргызстанда ишкерликти текшерүүгө киргизилген мораторий 2022-жылдын 1-январына чейин узарды.
Тиешелүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков кол койгонун 4-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, коронавирус пандемиясы токтой электигине байланыштуу ишкерлерди колдоо максатында аларды текшерүүгө киргизилген мораторий да узартылды.
Новиковдун чечимине ылайык, мамлекет 2022-жылга чейин ишкерлерди текшере албайт.
Кыргыз өкмөтү 2019-жылдын 1-январынан тартып ишкерлерди текшерүүнү тыйган эки жылдык мораторий киргизген.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү