Парламенттик шайлоонун жылдырылышынын мыйзамдуулугу күмөн жаратты

Конституциялык палатада бүгүн, 2-декабрда, шайлоолор тууралуу мыйзамдын айрым нормаларын токтоткон мыйзам боюнча “Реформа” партиясынын өкүлдөрүнүн арызы каралып жатат.

“ПолитКлиника” медиасы Фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз эфирден жыйындын жүрүшүн чагылдырып жатат.

Конституциялык палатага арыз берген партия лидери Клара Сооронкулова Жогорку Кеңешттин өкүлү Бейшенбек кызы Камиллага суроо берип, мыйзам долбоору 22-октябрда демилгеленип, бардык фракциялардын корутундусу ошол эле күнү кантип алынганына кызыкты.

Клара Сооронкулова айткандай, эгер 22-октябрда саат 13:52 де мыйзам демилгеленсе, ага ошол замат кантип экспертиза жүргүзө салышты?

Буга жооп катары Жогорку Кеңештин өкүлү Камилла Бейшенбек кызы баары тез арада болгонун билдирди.

Ошол кезде абал тынч эмес, митингдер да болуп жаткан айтты.

Клара Сооронкулова эгер ошо учурда абал тынч эмес болуп жатса, 4 күндөн кийин эле абал оңолуп, президенттик шайлоо белгиленип калдыбы деп суроо салды.

Камилла Бейшенбек кызы бюджет да тартыш болуп, парламенттик шайлоону жылдырууга туура келгенин жооп кылды.

Клара Сооронкулова президенттик шайлоого жана референдумга акча кереги жок беле деп кайра суроо берди.

Камилла Бейшенбек кызы бул Ала-Тоо аянтына митингге чыккандардын талабы болгон деген жообун узатты.

Бирок Камилла Бейшенбек кызы ал митингде болбогонун билдирсе, Клара Сооронкулова үч күн ал митингде жүргөнүн жана митингде бир гана талап- шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу маселеси коюлганын белгиледи.

Камилла Бейшенбек кызы сайт хакердик чабуулга кабылганын, имарат бүлгүнгө учурап, коомдук талкуу өткөрүүгө мүмкүн болбой калганын айтты.

Клара Сооронкулова негиздемеде мыйзам долбоорунун кабыл алынышы бийлик системасынын өзгөрүшүнө байланыштуу деп айтылыптыр деп, иликтөөнү ким жүргүзгөнүнө кызыкты.

ЖК өкүлү иликтөө оозеки болгонун, ЖМК материалдарына сереп салынганы айтылды.

Сооронкулова митингде мамлекеттик түзүлүштү эч ким өзгөртүү талабын койбогонун, бир гана парламенттик шайлоо жыйынтыгын четке кагуу тууралуу сөз жүргөнүн кошумчалады.

Ал ошондой эле жыйынга 99 депутат катталганын, бирок 88 депутат гана катышканын, 16 депутат ишеним кат менен, дагы 5 катышты деп турганын белгилеп, ишеним кат менен кантип шайлоого болсун деп суроо салды.

Өкүл жооп катары ишеним кат менен шайлоого болбостугун, жыйынга 84 депутат катышканын билдирди.

Клара Сооронкулова жоопкер тараптын жообу канаттандырбаганын, парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча чечимге негиз жок экенин айтты.

Конституциялы палатанын судьялары чечим чыгарууга кетти.

Конституциялык палатада бүгүн, 2-декабрда, шайлоолор тууралуу мыйзамдын айрым нормаларын токтоткон мыйзам боюнча арыз каралып жатат. Мындай арыз менен ”Реформа” саясий партиясы жана активисттер Нурбек Касымбеков, Таалайбек Усубалиев кайрылган.

22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамынын долбоору үч окууда кабыл алынды. Добуш берүүнүн негизинде мыйзам долбооруна 83 депутат макулдугун берди.

БШК Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты