​Конституциялык палата шайлоолор тууралуу мыйзам боюнча «Реформа» саясий партиясынын өтүнүчүн карап жатат

  • 3 года мурун

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү конституциялык мыйзамынын конституциялуулугун текшерүү боюнча “Реформа” саясий партиясынын өтүнүчүн карап жатат.

Анда Конституциялык палатанын судьясы Эмил Өскөнбаев мыйзам долбоорун кабыл алуудагы кемчиликтеди белгилеп, баяндама жасады.

Конституциялык палатанын корутундусу өлкөнүн тагдырында чоң роль ойнойт.

Бул чечим кандай жыйынтыкка алып келет?

Эгер Конституциялык палата бул арызды канаатандырып, Жогорку Кеңеш тарабынан 20-октябрда үч окууда кабыл алынган мыйзам мыйзамсыз деп табылса, эки айдын ичинде Парламенттик шайлоо өтүшү керек. Мындай пикирин “Реформа” саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова билдирди.

“Эгер 2-декабрда Конституциялык палата биздин арзыды канааттандырса, эки айдын ичинде Жогорку Кеңешке шайлоо өтүшү керек. Бирок Жогорку Кеңештин 28-октябрдан кийин кабыл алган мыйзамдарынын мыйзамдуулугун Конституциялык палатадан кайра карап чыгуусун талап кылыш керек болот”, — деди Клара Сооронкулова.

22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамынын долбоору үч окууда кабыл алынды. Добуш берүүнүн негизинде мыйзам долбооруна 83 депутат макулдугун берди.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмуркулов, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов, Нурбек Алимбеков жана Өмүрбек Бакиров тарабынан демилгеленген.

БШК Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты