​COVID-19: 735 киши оор абалда. 111и өтө оор абалда

  • 4 года мурун

29-ноябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 456 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 110;
Ош — 10;
Чүй облусу – 101;
Ош облусу — 34;
Талас облусу — 24;
Нарын облусу — 8;
Ысык-Көл облусу – 37;
Жалал-Абад облусу – 102;
Баткен облусу — 30.
Стационарда дарыланууда – 2840 бейтап, алардын ичинен:

42 киши (1,4%) — канааттандыраарлык абалда;
1952 (68,7%) — орто оордукта;
735 (25,8%) — оор абалда;
111 (3,9%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 3760 бейтап.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 72427 кишиге жетти.

Коронавирустан 382 киши айыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 63789 кишиге жетти.

4 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1266 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты