​Жолдошбек Бузурманкулов дүйнөдөн кайтты

  • 3 года мурун

Ички иштер министрлигинин ардагери, ИИМдин отставкадагы полковниги, журналист жана акын Жолдошбек Бузурманкулов 74 жашында дүйнөдөн өттү.

Жолдошбек Бузурманкулов 1946-жылы 2-октябрда Талас районунун Кең-Сай айылында туулган. Көп жылдар ИИМ түзүлүштөрүндө, басма сөз кызматында иштеп, 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Андан кийин Жаза аткаруу кызматынын басма сөз жаатында эмгектенген.

Жолдошбек Бусурманкулов даңазалуу «Долондон канатымды кайрып алдым» («Ильястын ыры»), «Жүрөккө сүйүү из салса» аттуу обондуу ырлардын сөзүн жазган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты