​Конституция долбоору жана Конституциялык кеңешме сунуштары боюнча лингвистикалык эксперттик топ түзүлдү

  • 3 года мурун

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбооруна жана Конституциялык кеңешме иштеп чыккан сунуштарга лингвистикалык экспертиза жүргүзүү максатында лингвистикалык эксперттик топ түзүлдү.

Бул тууралуу жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду.

Лингвистикалык эксперттик топтун курамы:

— Султанбаев Абдыкадыр — Жогорку Кеңеш аппаратынын лингвистикалык экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы, эксперттик топтун жетекчиси;

— Абдыжапар уулу Мундузбек — Өкмөт аппаратынын канцеляриясынын лингвистикалык экспертиза секторунун башчысы;

— Абдысадыр уулу Азат — Президенттикн аппараттын канцеляриясынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы;

— Абыкеев Чолпонбек — жазуучу-котормочу (макулдашуу боюнча);

— Досалиев Турсунияз — лингвист-котормочу;

— Ишекеев Назаркул — мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;

— Койчубакова Айнура Жогорку Кеңеш аппаратынын ченемдик актыларды иштеп чыгуу жана чыгаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

— Маразыков Турусбек — филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

— Медералиев Жумабек — Жогорку Кеңеш аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы;

— Сейдалиев Канатбек — мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси;

— Сооронкулов Гүлжигит — филология илимдеринин доктору, профессор, лингвист-котормочу (макулдашуу боюнча);

— Тагаев Мамед — филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча).

Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыкканы 17-ноябрда белгилүү болгон. Аны референдумга чыгарыш үчүн коомдук талкууга коюу тууралуу мыйзам долбооруна 80 депутат демилгечи экени расмий жарыяланды.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуудан жана коомдук ишмерден турган Конституциялык кеңешме түзүлдү. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты