COVID-19:304 учуру катталды. 6 бейтап каза тапты
- 4 года мурун
23-ноябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 304 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 101;
Ош — 2;
Чүй облусу – 51;
Ош облусу — 19;
Талас облусу — 16;
Нарын облусу — 3;
Ысык-Көл облусу – 32;
Жалал-Абад облусу – 72;
Баткен облусу — 8 .
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 304
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 69 885 кишиге жетти.
Стационарда – 3096 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
65 бейтап (2,0%) — канааттандыраарлык абалда;
2064 (66,6%) — орто оор абалда;
829 (26,7%) — оор абалда;
138 (4,4%) — өтө оор абалда.
Амбулатордук дарыланууда – 3648 бейтап.
Өткөн суткада коронавирустан 349 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 61160 кишиге жетти.
6 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1237 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.