​Конституция долбоору: Бизди орто кылымдарга алып барат. Кайрылуу

“Реформа” саясий партиясы Конституциянын долбоору боюнча билдирүүсүндө бул долбоор бизди орто кылымдарга алып барарын билдирди.

“Биз Садыр Жапаров баштаган жаңы бийлик Бакиев мезгилине кайтарып келет го деп коркконбуз. Бирок Бакиевдин учурундагы Конституция да мындан бир топ өйдө болгон, анда бийлик бутактарынын кандайдыр тең салмагы сакталып турган.

Авторлору эч кимге белгисиз жаңы Конституция долбоору эркин жана демократиялуу Кыргызстаныбызды бир хандын башкаруусуна, анын эрки гана аткарылган орто кылымдагы өлкөгө айландыргысы келип жатат.

Долбоор боюнча Президент өлкөдөгү бардык кызматтарды дайындоого укук алат, конституциялык мыйзамдарды кошуп, бардык мыйзамдарды кабыл алат.

2010-жылдагы революциянын эң башкы жетишкендиги -Преиденттин бийлигин чектеп, экинчи мөөнөткө шайлабоо болчу. Бул бийликти басып алууга, каршы анын алмашып туруусун камсыздоо ченеми да жаңы долбоордо алынып салынган.

Конституция долбоорунда сөз эркиндиги сыяктуу эң негизги укук бузулуп жатат. Эми Кыргызстан эли кыргыз жана бир тууган калк деп бөлүнүп калат, парламенттин ролу мыйзамдарды жөнөкөй эле бекитүүгө жатат.

Конституция долбоору мүмкүн болгон регламент жана мыйзамдарды бузуу менен чыгарылып жатат.

Ал мөөнөтү өткөн парламент тарабынан сунушталып жатат, анын мандаты иштебейт, Конституция долбоорун эмес, кандайдыр бир мыйзамды коомдун талкуусу жок, бардык процедураларды бузуу менен, кеңешпестен чыгарууга укугу жок , моралдык жана юридикалык укугу жок.

Ушул үчүн эл 5-октябрда эл нааразы болуп, аянтка чыкты беле, ушул үчүн гүлгүндөй бала каза болду беле? Диктатураны орнотуу үчүнбү?

Биз депутаттарды эсиңерге келгиле дейт элек, тарых силерди кечирбейт!

Мындай маанилүү мыйзамды кабыл алууга силердин укугуңар жок!.

Жаңы Конституция долбоорунэл тарабынан шайланып келген легитимдүү парламент гана ишке ащыра алат! Силердин мөөнөтүңөр бүткөн, тарыхта чыккынчы катары калбагыла!

Биз коомдун бардык акыл-эстүү күчтөрүн жаңы Конституция кабыл алуу аркылуу бийликти басып алууга жол бербей, биригели!” деп жазылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты