Эмил Токтошев: “Конституция долбооруна кол койгон эмесмин. Долбоорду көрсөткөндө каршылыгымды айтып чыгып кеткем» (ВИДЕО)

Конституцинын долбоору коомдук талкууга коюлду. Анын ичинде 80 депутаттын колу коюлуп, президенттик шайлоо менен референдумду чогуу өткөрүү демилгеси көтөрүлгөн. Кол койгон депутаттардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин да колу бар. Бирок Эмил Токтошев бүгүн, 18-ноябрда, долбоорго кол койбогонун Фейсбук баракчасында билдирди.

Эмил Токтошев мындай деди:

-17-ноябрь түнү Конституциянын өзгөртүлгөн варианты Жогорку Кеңештин сайтына илинди. Ал жерде 80 депутаттын колу бар экен. Анын ичинде менин да кол койгон деп чыгарышкан.

Мен долбоорго кол койбогонуму дагы бир жолу баса белгилейм!

Мен конституцияны өзгөртүүчү топко кирүү үчүн, ал процессти ичинен көрүү үчүн, ал долбоорду жазып атканда парламентаризмдин позициясын коргоо үчүн, демилгелөө топко кирүү үчүн колуму койгом.

Кечээ долбоорду сураганымда, даяр долбоорду көрсөткөндө, мен ошол эле жерден өзүмүн каршылыгымы айтып, чыгып кеткем!

Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позицияман тайбайм!

Кечээ, 17-ноябрда, кечинде Конституциянын долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан талкууга коюлду. 80 депутат референдумду президенттик шайлоо менен бир күндө, 2021-жылдын 10-январында өткөрүүнү демилгеледи. Ал депутаттар тизмесинин арасында Эмил Токтошев да бар экени маалым болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты