​Конституция долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоор сынга кабылды

Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 17-ноябрда кечинде жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

Долбоор жарыяланары менен социалдык тармактарда коомчулуктун сынына кабылды жана авторлору изделүүдө.

Конституция долбоорунун айрым беренелерине токтоло кетели.

Долбоордо курултай институту жогорку орган катары киргизилген.

Элдик курултай

7-берене

1. Элдик Курултай элдик бийликтин кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу жогорку органы болуп эсептелет.

Элдик Курултайды чакыруу укугу Президентке таандык.

2. Элдик Курултай:

1) мамлекетти жана коомду өнүктүрүүнүн, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин маанилүү маселелери боюнча, анын ичинде улуттук маданияттын, тилдин, конфессиялар аралык жана этностор ортосундагы мамилелерди чыңдоонун маселелери, башка коомдук маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат жана аларды мамлекеттик органдардын кароосуна киргизет;

2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарынын маселелери боюнча Президентке сунуштарды киргизет;

3) Элдик Курултайдын Төрагасынын, Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын отчетторун угат;

4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген кызматына ылайык келбестиги жөнүндө сунуштарды Президенттин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна киргизет;

5) ушул Конституцияда жана мыйзамдарда белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.

3. Элдик Курултайдын чечимдери сунуштамалар катары тиешелүү органдарга жиберилет, алар ушул Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.

4. Элдик Курултайдын ишине Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары катыша алат.

Башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аймактык, кесиптик, этномаданий, коомдук-саясий жана конфессиялык коомчулуктардын өкүлдөрү Элдик Курултайдын жыйналыштарында болууга укуктуу.

5. Элдик Курултай аймактык, кесиптик, коомдук-саясий, этномаданий, конфессиялык жана илимий коомчулуктардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Элдик Курултайды түзүүнүн, ошондой эле уюштуруунун жана ишинин тартиби ушул Конституция жана конституциялык мыйзам менен жөнгө салынат.

6. Жергиликтүү маанидеги маселелер жергиликтүү курултайларда каралат.

Жергиликтүү курултайларды түзүүнүн, уюштуруунун жана ишинин тартиби мыйзам менен белгиленет.

Президент

56-берене

1. Президент мамлекет башчысы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигине башчылык кылат.

57-берене

1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 5 жылга шайланат.

2. Президент:

1) кеминде 300 миң шайлоочунун, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси боюнча референдум дайындоо жөнүндө чечимди кабыл алат;

2) ушул Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт; ушул Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;

3) жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда жана тартипте жергиликтүү кеңештерди таркатууну жүзөгө ашырат; жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт;

3. Президент:

1) Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизет;

2) мыйзамдарга кол коет жана элге жарыялайт; мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;

3) элге өлкөдөгү абал жөнүндө ар жылдык кайрылуу жасайт;

4) зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштарын чакырууга жана каралууга жаткан маселелерди аныктоого укуктуу;

Мыйзам чыгаруу бийлиги

66-берене

2. Жогорку Кеңеш 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 90 депутаттан турат.

3. Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригишет. Жогорку Кеңеште фракциялардын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция, же фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк болуп саналат.

Парламенттик көпчүлүктүн курамына кирбеген жана ага карата өзүн оппозиция катары жарыялаган фракция же фракциялар парламенттик оппозиция болуп саналат.

70-берене

1. Жогорку Кеңеш:

1) Президентти шайлоону дайындайт;

2) ушул Конституцияда каралган тартипте референдум өткөрүүнү демилге кылат.

2. Жогорку Кеңеш:

1) Конституцияда белгиленген тартипте ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;

2) мыйзамдарды кабыл алат;

75-берене

Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) Президентке;

2) 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);

3) Жогорку Кеңештин депутатына;

4) Өкмөт башчысына;

5) карамагына кирген маселелер боюнча Конституциялык сотко, Жогорку сотко.

76-берене

1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилет.

2. Президент жана Өкмөт башчысы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.

Аткаруу бийлиги

79-берене

1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Президент жана ага баш ийген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзөт.

2. Президент аткаруу бийлигинин ишин жетектейт, Өкмөткө жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды берет, өзүнүн тапшырмаларынын аткарылышын контролдойт, Өкмөттүн жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгарат, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын кызматынан убактылуу четтетет.

3. Өкмөт Өкмөт башчысынан, анын орун басарларынан, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.

4. Өкмөттүн түзүмүн жана курамын Президент аныктайт.

5. Президент Өкмөттүн жыйналыштарында төрагалык кылууга укуктуу.

Кененирээк бул шилтемелерде:

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясы

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөгү» мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкат

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты