COVID-19: 486 учуру катталды
- 4 года мурун
17-ноябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 486 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 143;
Ош — 22 ;
Чүй облусу – 137 ;
Ош облусу — 32 ;
Талас облусу — 18 ;
Нарын облусу — 7 ;
Ысык-Көл облусу – 42;
Жалал-Абад облусу – 49;
Баткен облусу — 36.
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 486
Стационарда дарыланууда – 3138 бейтап, алардын ичинен:
52 бейтап (1,6%) — канааттандыраарлык абалда;
2082си (66,3%) — орто оор абалда;
882 киши (28,1%) — оор абалда;
122 киши (3,8%) — өтө оор абалда.
Амбулатордук дарыланууда – 4100 бейтап.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 67 469 кишиге жетти.
Өткөн суткада коронавирустан 555 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 58316 кишиге жетти.
4 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1207 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.