​USAIDдин 10-Борбор Азиялык соода форуму онлайн режиминде башталды

  • 3 года мурун

Бүгүн АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) онунчу ар жылдык Борборазиялык соода форумун ачып жатат.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Бул форум Борбордук Азияда жана башка чет өлкөлөрдө соода-сатыкты жүргүзүүнү жана байланышты жөнгө салууну колдоого багытталган.эл аралык иш-чара.

Быйыл беш күндүк форумга 39 өлкөдөн, анын ичинде АКШ, Ооганстан, Грузия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Россия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, БАЭ, Улуу Британия, Украина жана Өзбекстандан 100 спикер жана 4 миң

катышуучу катышышы күтүлөт.

Бул жылдын темасы “Борбордук Азия – өсүш жана өркүндөө”. Форумда COVID-19 пандемиясынан кийинки экономиканы калыбына келтирүү мезгилинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн базарларынын жаңы тренддери жана реакциялары каралат. Аталган виртуалдык иш-чараны Zoom, Facebook Live жана YouTubeсыяктуу түрдүү онлайн-платформаларында көрүүгө болот.

Форумдагы талкууга эл аралык жана жергиликтүү серепчилер, новаторлор жана бизнесмендер катышат.Катышуучулар интерактивдүү онлайн-сессияларга туташып кошулуп, COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү үчүн региондогу жүк ташуу тутумун жакшыртуу,

туризмди калыбына келтирүү, аймактык электроэнергия рыногун күчөтүү, онлайн-соода-сатыктын көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү, мамлекеттик-жекеөнөктөштүктү, аймактык аялдардын ишкерлигин түзүү ж.б. талкууларга катыша алышат.

Мындан башка, Соода дүйнөсү чекене форумунун алкагында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын 20дан ашык жер-жемиш өндүрүүчүлөрү үчүн потенциалдуу өнөктөштөр менен В2В сүйлөшүүлөрү үчүн ылайыктуу шарттар түзүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты