Садыр Жапаров Президенттикке талапкерликке БШКга документ тапшырды

  • 4 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү үчүн документтерин тапшырды.

БШКнын маалыматы боюнча Президенттикке талапкерликке арыз бергендердин жалпы саны саат 14.30 ка карата 42 киши болду.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Акжоллтой Тукунов адвокат Орозобек Мадинов, Темирлан Ормуков, Курсан Асанов, Турсунбай Бакир уулу, Марат Кайыпов, мугалимм Карагач Исмаилова, Турсунбек Жумабеков, Имамидин Ташов, Ербол Токтогулов, пенсионр Анаркүл Араева арыз берген.

Ага чейин Адахан Мадумаров;, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Канатбек Исаев, Абдыкааар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбк Байгуттиев, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Кубанычбек Кадыров, Элеонора Турдубекова, Садык Шер-Нияз, Урустам Кабылбеков, Ильгиз Товкеев, Бактыбек Калмаматов, Жамбылбек Камчиев, Мыктыбек Арстанбек, Токтайым Үмөталиева, Арслан Малиев, Анар Зарипова, Куттумидин Базаркулов, Бакыт Романов берген. (Бакыт Бакетаев арызын кайра алган).

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Бүгүн Президентикке талапкердикке документ тапшыруунун акыркы күнү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты