2024-жылы Россиядан 80 миң мигрант чыгарылган

  • 1 месяц мурун

Миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн 2024-жылы 80 миң чет элдик жаран жана жарандыгы жок адамдар Россиядан чыгарылган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу эки эсе көп.

Бул тууралуу сот аткаруучулардын федералдык кызматындагы жеке булактарынын айтуусунда ТАСС агенттиги жарыя кылды.

ТАССтын маалыматы боюнча, 2024-жылы Москва жана Москва алдындагы аймактардан 23 миң мигрант чыгарылган. Соттор тарабынан алар Россияга кирүү жана өлкөдө болуу мыйзамын бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган.

Аталган булактар маалыматты кайдан алганын белгилебестен, 2023-жылы Россиядан 44, 2 миң чет элдик жаран жана жарандыгы жок адамдар, 2022-жылы 26, 6 миң мигрант чыгарылганын белгилеген.

Башкы сот аткаруучу Дмитрий Аристовдун айтымында, 2017-2022-жылдары миграциялык жана эмгек ишмердүүлүгү мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 200 миң мигрант Россиядан чыгарылган.

2025-жылдын 1-январынан тартып Орусияда чет өлкөлүк жарандар үчүн жаңы эрежелерди камтыган федералдык мыйзам күчүнө кирди. Жаңы эрежелерге ылайык, чет өлкөлүк жарандар Орусиянын аймагында уруксат берүүчү документтери жок бир календардык жылдын ичинде 90 суткадан ашык жүрө алышпайт. Бул мөөнөт Орусиянын мыйзамдарында каралган негиздер болгон учурда узартылышы мүмкүн экендиги айтылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты