Чет элдик жарандардын Россияда убактылуу жүрүү мөөнөтү 90 күнгө кыскартылды

  • 1 месяц мурун

2025-жылдын 1-январынан тартып чет өлкөлүк жарандардын Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтүн бир календардык жыл ичинде 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартууга багытталган өзгөртүүлөр күчүнө кирди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы (ТИМ) билдирди.

Жогорудагы талап Россиянын аймагында жүргөн, бирок тиешелүү уруксат документтери жок (убактылуу/туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишим) чет өлкөлүк жарандарга колдонулат.

Ошондой эле 2025-жылдын 5-февралында Россия Федерациясында жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам да күчүнө кирет. Ал Россиянын аймагында жүргөн бирок ал жерде болууга (жашоого) мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктерди өлкөнүн аймагынан чыгаруу режими.

Россиянын ички иштер органдарына (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарга карата айрым укук бузууларды жасагандыгы үчүн ал өлкөдөн чыгаруу түрүндөгү административдик жаза колдонуу укуктары берилет.

Ушуга байланыштуу, өзгөртүүлөр Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү болгондуктан, министрлик дагы бир жолу мекендештерди Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарындагы маанилүү өзгөртүүлөр менен таанышууга жана Россиянын компетенттүү органдарына тез арада кайрылып өзүлөрүнүн укуктук абалын мыйзамга ылайыктап алууга чакырат. Толук маалымат шилтемеде: https://mfa.gov.kg/ru/dm/pkr-v-rf/news/30506

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты