«2023-жылдын мыкты иликтөөсү» сынагында «ПолитКлиника» медиасынын журналисттери сыйланды

  • 2 месяца мурун

«2023-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү” сынагынын жыйынтыгына ылайык, “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери сыйланышты.

Журналисттер Чолпонбек Сабырбеков, Чынаргүл Жумабекова, Эркайым Асанканова, Гулиза Урустамбек кызы даярдаган “Кыргыз иденттүүлүгүнө каршы социалдык медиага оогон орус пропагандасы” аттуу эмгеги атайын сыйлыкка татыктуу болду.  Кымбат Турдубекова менен Ырысбү Кылычбек кызына диплом ыйгарылды.

«Азаттыктын” журналисти Элеонора Бейшенбек кызынын “Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды” деп аталган иликтөөсү Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкта үчүнчү орунга ээ болду.

Экинчи орунду “Медиа Хаб” медиасынын журналисттери даярдаган “Элди тоногон каржы пирамидалар” иликтөөсү алды. Ал эми биринчи орун “Некст ТВ” телеканалы жана “Арча медиа” онлайн басылмасы даярдаган “Жапа чеккен аймак, жалдыраган “Үмүт” аттуу иликтөөсүнө тийди.

Атайын сыйлыкка “ПолитКлиниканын” Кыргыз иденттүүлүгүнө каршы: социалдык медиага оогон орус пропагандасы” аттуу макаласынан тышкары “Т-Медиа” телеканалынын “Оштун паркын омургандар” деген берүүсү ээ болду.

"2023-жылдын мыкты иликтөөсү" сынагында "ПолитКлиника" медиасынын журналисттери сыйланды

  

Бүгүн, 12-февралда, Бишкекте «Чындык» аттуу 4-форум өттү. Форум иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү алкагында уюштурулган.

Форумду иликтөөчү журналисттер фонду жана Кыргызстандагы «Интерньюс» өкүлчүлүгү уюштурган.

Форумда иликтөөчү журналисттер туш болгон коркунуч, коопсуздук маселеси жана Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу талкуу болду.

Форумдун соңунда 2023-жылдагы мыкты журналисттик иликтөөлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылды.

"2023-жылдын мыкты иликтөөсү" сынагында "ПолитКлиника" медиасынын журналисттери сыйланды

Кыргызстанда иликтөөчү журналисттердин “Чындык” форуму 2021-жылдан бери өткөрүлүүдө. Бул күнү – иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү. Быйыл Уланбек Эгизбаев 34 жашка чыкмак. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Форумга журналисттер, медиа эксперттер, ЖМК өкүлдөрү катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты