2022-жылы Орусиядан рекорддук сандагы мигранттар чыгып кеткен

  • 1 год мурун

2022-жылдын сегиз айында Орусиядан рекорддук сандагы мигранттар чыгып кеткени катталды.

Бул тууралуу Орусиянын Статистика боюнча федералдык кызматынын маалыматтарын анализдеп чыккан «Можем объяснить» телеграм-каналы кабарлады.

Расмий маалыматтарга ылайык, январдан августка чейин Орусияга 444 миң мигрант барса, 506 миң мигрант чыгып кеткен. Натыйжада чыгып кеткендердин саны киргендерге караганда 62,5 миңге көп болгон.

Адистер мындай көрсөткүч мурдагы жылдары, ал тургай коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда да катталбаганын билдиришет. 2020-жылы тескерисинче өлкөгө киргендердин саны чыгып кеткендерге караганда 68,8 миңге көп болгон. 2021-жылы келген мигранттар чыгып кеткендерге салыштырмалуу 212,3 миңге көп катталган.

Мигранттардын чыгып кетүүсүндө быйыл үч өлкө биринчи орунду ээлеген. Жыл башынан бери армениялык 15,7 миң, кыргызстандык 14 миң, өзбекстандык 13,7 миң адам Орусиядан чыгып кеткен. Украиналык 8,5 миң мигрант мекенине кайткан.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, мекенине кайткан тажик мигранттардын саны буга караганда азыраак. Ошол эле маалда Тажикстандан Орусияга келгендер да быйыл мурдагы жылдарга караганда кыскарган.

Украинада кеңири масштабдагы согуш баштаган соң Орусиянын өзүндө экономикалык кырдаал оорлогон жана жумуш орундары кыскара баштаган. Буга Батыш өлкөлөрү салган санкциялар да себеп болгон.

Орусиянын президенти Владимир Путин октябрда азыркы миграциялык саясат концепциясын кайра карап чыгууну сунуштаган. Ал жаңыланса мигранттар арасында текшерүүлөр күчөй турганы айтылган.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты