2022-жылы «Кумтөрдөн» 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, таза киреше 371 млн долларды түздү

  • 6 месяцев мурун

“Кумтөрдүн” элге кайтарылышы – мамлекетибиздеги жаңылануунун башаты, өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн алгачкы баскычы”, — деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

-2022-жылдын жыйынтыгы менен 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, 32,2 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөрүн төгүштү. Таза киреше 371 миллион долларды түздү.

Эми мындан ары “Кумтөр” эле эмес, Кыргызстандагы бардык кендерди мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн өзүбүз иштетебиз. Албетте, алардан түшкөн кирешелер дагы жалпы элдин керегине, муктаждыгына жана стратегиялык долбоорлорго жумшалат. Кен-байлыктарыбызды иштетүүдө сөзсүз түрдө мамлекеттин үлүшү болушун шарттаган укуктук-ченемдик актылар, мыйзамдар дагы кабыл алынганын билесиздер. Бул актылар мамлекет үчүн дагы, инвесторлор үчүн дагы ыңгайлуу келип, өз ара пайдалуу шартта кызматташуунун негизи болуп бермекчи,-деди президент Жапаров.

-Кийинки жылдары “Тоголок”, “Жангарт” өңдүү жаңы кендерди “Кумтөр” өзү өздөштүрөт.

Буюрса, “Кумтөрдүн” келечеги алдыда! Себеби, биздин философия жөнөкөй: Кудайдын буйругу, эл-журттун эрки менен бийликте тургандан кийин эл үчүн жан үрөп кызмат өтөө!

Компаниянын 40, 50 жылдык мааракелеринде Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрөт деген ишенич зор. Анткени биз “Кумтөр” сыяктуу эл байлыгын элге иштетип, коррупцияга, криминалга чечкиндүү сокку уруп, көмүскөгө айланган баардык каржыларды ачыкка чыгарып жатабыз. Жыйынтыктарын көрүп жатасыздар, -деди Cадыр Жапаров «Кумтөр» кенинин 30 жылдык мааракесинде.  

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты