Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгы: «Ал өз доорунун абийири болду»
- 1 год мурун
Бүгүн, 15-майда, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл акыны Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган адабий-музыкалык иш-чара болуп өттү.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Салтанатка мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, илимий жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү, акын-жазуучулар жана кыргыз поэзиясынын күйөрмандары катышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу акындын поэтикалык жана руханий мурасынын маанисин белгиледи:
“Сооронбай Жусуев – жөн гана адабият тарыхында аты калган инсан эмес. Ал — элдин үнү, жүрөктүн тарбиячысы, муундардын дем берүүчүсү. Анын ырлары Ата Мекенди сүйүүгө, ата-бабаларды урматтоого жана тынчтыкты баалоого үндөгөн. Чыгармалары – биздин сыймыгыбыз жана багытыбыз”.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Сооронбай Жусуевдин поэзиядагы гана эмес, улуттук аң-сезимдеги ордун белгиледи:
“Ал өз доорунун абийири болду. Анын поэзиясы – кыргыз рухунун жандуу кеби, лириканын, терең ойчулдуктун жана жарандык кайраттуулуктун жуурулушу. Биз анын ысымын гана эмес, анын бийик, чынчыл жана элдик поэзиясынын салтын улантууга милдеттүүбүз”.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев акындын кыргыз адабиятына жана маданиятына кошкон зор салымын баса белгиледи:
“Мектеп кезинен эле биз Сооронбай Жусуевдин “Алакан” деген ырын окуп, жүрөгүбүзгө тынчтыкты, кайрымдуулукту, Улуу Жеңишке болгон сый-урматты сиңирип өстүк. Анын “Кымбатым”, “Ойлодуң бекен мени сен”, “Оо, анда көктөм эле”, “Өмүргө адам бир келет”, “Кош жылдыз”, “Эңсөө” сыяктуу чыгармалары элибиздин обондуу жана поэтикалык мурасына айланды.
Сооронбай Жусуев ошондой эле III даражадагы “Манас” орденинин ээси, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон.
Ал Шекспир, Пушкин, Омар Хайям сыяктуу дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргызчага которуп, улуттук маданиятыбызды дүйнөлүк адабият менен байыткан. Сооронбай Жусуевдин мурасы кыргыз элинин жүрөгүндө жашай берет”.
Кече театрлаштырылган сахналык көрүнүштөр менен коштолуп, акындын сөзүнө жазылган обондуу ырлар аткарылып, чыгармаларынан көркөм окуулар орун алды.
Сүрөт: Маданият министрлиги




