2022-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 9,1 миллиард сомду түзөт

  • 2 года мурун

Бүгүн, 10-декабрда, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын республикалык 2022-жылга бюджети 2022-жылга жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү коомчулуктун, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылганын белгиледи.

Каржы министри Алмаз Бакетаев республикалык бюджеттин негизги параметрлери тууралуу маалымат берди. Алсак, республикалык бюджеттин кирешелери 2022-жылга мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен 203,5 млрд сом, ИДПга карата 28,5% өлчөмүндө каралган.

2023-2024-жылдары республикалык бюджеттин кирешелери 215,7 млрд сомду жана 231,7 млрд сомду түзөт. 2022-2024-жылдарга кирешенин өсүү темпи  117,7%, 106,0% жана 107,4% түзөт. 2022-жылга карата республикалык бюджеттин тартыштыгы 9,1 миллиард сомду түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 212,6 млрд сомду, ИДПга карата 29,8% өлчөмүндө. 2023-2024-жылдарда  республикалык бюджеттин чыгашалары финансылык активдерди эсепке албаганда 223,4 млрд сомду түзөт. 2022-2024-жылдарга чыгашалардын өсүү темпи тиешелүүлүгүнө жараша 117,3%, 107,4% жана 100,2% түзөт.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда бюджеттин 2022-жылга жана  2023-2024-жылдарга карата божомолу менен тааныштырды. 2022-жылга карата макроэкономикалык саясаттын негизги максаты экономикалык өсүштүн оң тенденцияларын сактоо жана өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу болоорун белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты