​Ереванда митингге чыккан жарандар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышты

  • 3 года мурун

Ереванда оппозиция премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып митинг өткөрдү. Буга чейин жарандарды нааразылык акцияга чыгууга 17 саясий партия чакырган.

Шаардын борбордук бөлүгүндөгү Эркиндик аянтына топтолгон миңдеген адам Пашиняндын Тоолуу Карабактагы согушту токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол койгонун айыптап, анын кызматтан кетишин, ошондой эле парламенттин чукул жыйынга чогулуусун талап кылышты.

Пашинян тынчтык келишими — абалдан чыгуунун эң туура жолу болгонун, антпесе Азербайжан Тоолуу Карабакты толугу менен ээлеп алмактыгын билдирүүдө.

Акциянын жүрүшүндө полиция менен кагылыш, бир нече демонстрант кармалды.

10-ноябрда Армения, Азербайжан жана Орусия Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу келишимге кол койгондон кийин Ереванда массалык нааразылык акциясы башталып, анын катышуучулары өкмөттүн жана парламенттин имараттарына кирип барышкан.

Үч тараптуу келишимге ылайык, Азербайжан соңку уруш маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы чөлкөмдөрдү сактап калат.

Макулдашуу тууралуу Азербайжандын куралдуу күчтөрү алты жумадан бери уланып келаткан кармаштарда ийгиликке жетишкен учурда жарыяланды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: ТАСС

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты