​Камчы Көлбаев отурган абакта узун дасторкон жайылды делген видео тарады (Видео)

  • 3 года мурун

Бүгүн, 11-ноябрда, социалдык тармактарда 47-колониясынан тартылды делген видео тараган.


Видеодо 100дөн ашык киши дасторкондун үстүндө отурганын жана бир киши ырдап жатканын көрүүгө болот.

Маалыматтарга ылайык, ал жерде белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаев да болгону айтылууда.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан бул видео боюнча маалымат такталып жатканын билдиришти.

Белгилей кетсек, кримтөбөл Камчы Көлбаев 22-октябрь күнү Бишкек шаарында кармалган. 23-октябрдан тарта соттун чечимине ылайык, тергөө бүткөнгө чейин УКМКнын СИЗОсуна жайгаштырылган. Камчы Көлбаевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин “Кылмыштык топ уюштуруу же ага мүчө болуу” беренеси менен сотко чейинки иш өндүрүшү башталган. 2020-жылдын 2-ноябрында Камчы Көлбаев ден-соолугуна байланыштуу 47-түзөтүү колониясына которулган.

Видео: Кактус медиа

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты