​Арменияга орусиялык 200дөй тынчтык орнотуучу келди

  • 3 года мурун

Орусиянын аскердик-транспорттук авиациясынын учактары Арменияга 200дөн ашуун тынчтык орнотуучуну жеткирди.

Орусия Коргоо министрлиги билдиргендей, 15-тынчтык орнотуучу бригаданын командирлери жоокерлер менен бирге Ил-76 үлгүсүндөгү 12 учак менен Арменияга конду.

Алар жайгаша турган аймакка бронетехника жана байланыш каражаттары жеткирилди.

Тоолуу Карабактын жаңжал чыккан аймагында жайгаша турган тынчтык орнотуучу контингенти жалпысынан эки миңдей аскер кызматкерин түзөт. Мындан тышкары 90 бронетранспортер, 400дөй автомобиль жана атайын техникалар болот.

Орусиялык аскер байкоочулары Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырып турган Лачин коридорун бойлой жайгашат.

10-ноябрь түнү Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы алдында Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ал документке ылайык, Азербайжан соңку кагылышууда ээлеген аймактарга өз көзөмөлүн сактап калат.

Тоолуу Карабактагы кагылышуу учурунда чыгып кеткен качкындар эл аралык келишимдер боюнча кайтып барат. Келишимде орусиялык тынчтыкты камсыз кылуу күчтөрүн талаштуу аймакка кеминде беш жылга жайгаштыруу каралган.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты