​Тоолуу Карабак боюнча тынчтык келишимине нааразы болгондор Ереванда тополоң салды

  • 3 года мурун

Өткөн түнү Армения менен Азербайжан Россиянын ортомчулугу менен Тоолуу Карабактагы кан төгүү менен коштолгон согушту токтотуу боюнча келишимге кол коюшкан.

Еревандагы демонстранттар премьер-министр Никол Пашиняндын тынчтык келишимге барышын чыккынчылык деп эсептеп, өкмөттүн жана парламенттин имаратын басып алышты.

Ал эми Бакуда тескерисинче келишимди кубануу менен кабыл алышты.

Тынчтык келишимине Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Россиянын Президенти Владимир Путин кол койгон.

Бул тууралуу ВВС билдирди.

Азербайжан менен Армения 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келатат. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

Аймактагы абалды тынчтык жол менен чечүүдөгү ортомчу өлкөлөр, анын ичинде АКШ менен Орусия тараптарды атышууну токтотууга чакырышты. Ушундай эле чакырык менен Бакуга жана Ереванга Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш да кайрылды.

Сүрөт: Reuters/

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты