Орто-Сай базарынан өрт чыкты
- 4 года мурун
9-ноябрга караган түнү Орто-Сай базарынан өрт чыкты.
Өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм, авто шаты, суу ташуучу унаа, ыкчам топ, штаб тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Калыс Ахматов көзөмөлдөгөн. Өрт саат 02:16да чектөөгө алынган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Өрттүн себеби иликтенүүдө.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү