​Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевди издеп жатышат

  • 3 года мурун

Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев качып кетти. Аларды издеп жатышат.

Бул тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

2-ноябрда Жапаров Баткен облусунда инфраструктуралык объектилердин курулушуна барып, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Өлкөдөгү саясий абал, чек арадагы кырдаал, коронавирус жана коррупцияга каршы аракеттер тууралуу маалымат берди.

Жапаров 3-ноябрда Ош шаарын, 4-ноябрда Жалал-Абад облусун кыдырат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты