​Өзбекстанда жөө баскан кишилерге акча төлөнө баштайт

  • 3 года мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жаңы жарлыгына ылайык, күнүнө 10 миң кадамдан баскан жарандарга 3 миң сумдан (0,3 доллар) төлөнүп турат.

Маалыматка караганда, сутка ичинде 10 миң же андан ашык кадам баскандардын электрондук капчыгына 3000 сум которулат. Мындан тышкары айдын жыйынтыгы менен райондо же шаарда эң көп баскан тургунга 300 миң сум (28 доллар), аймакта көп баскан адамга 500 миң сум (48 доллар) жана республикада эң көп баскан жаранга 1 миллион сумдан (100 долларга жакын) берүү каралууда.

«Сергек жашоо образы» аттуу платформа 2021-жылдын 1-мартына чейин иштелип чыгат. Буга мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнөт.

Азырынча акциянын эрежелери, ошондой эле жарандардын баскан кадамдары кандай эсептеле тургандыгы так белгисиз.

Сүрөт: ozodlik.org

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты