Коронавирус дагы 565 кишиге жукту. 5 киши каза тапты
- 4 года мурун
1-ноябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 565 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 119;
Ош — 17;
Чүй облусу – 69;
Ош облусу — 86;
Талас облусу — 19;
Нарын облусу — 3;
Ысык-Көл облусу – 40;
Жалал-Абад облусу – 133;
Баткен облусу — 79.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 59443 кишиге жетти.
Өткөн суткада коронавирустан 426 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 50 409 кишиге жетти.
Коронавирустан 5 киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1150кишиге жетти (Расмий такталып чыкканщдан кийин).
Муну бөлүшүү