Майрамыңыздар менен, милиция кызматкерлери!

  • 3 года мурун

Президенттин ммилдетин аткаруучу Садыр Жапаров ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерди милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

-Ички иштер органдарынын тарыхында эрдиктин жана баатырдыктын үлгүлөрү көп. Түзүлгөн күндөн тартып милициянын кызматкерлери басмачыларга каршы күрөшүп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдары эрдик менен душмандарга каршы кармашып, согуштун жалыны жетпеген жерлерде укук тартибин камсыз кылышса, согуштан кийин мамлекетти кылмыштуу кол салуулардан сактап келишкен.

Учурда милициянын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик милдеттерин терең билип, коомдо жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн татаал шарттарында өз милдеттерин ийгиликтүү аткарып, мыйзамдын, адам укуктарынын сакчылары болууда жана уюшкан, улут аралык мүнөзгө айланган кылмыштуулукка, терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөшүп келүүдө. аброюн бийик көтөрөт деп Сиздерге терең ишенем.

Ошондой эле өздөрүнүн көп жылдык билимин жана тажрыйбасын жаш муундарга берип жаткан урматтуу ардагерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Биз өлкөдөгү коомдук тартипти сактоодо жөнөкөй жарандардын жардамына таянабыз жана алардын пикирлерин жогору баалайбыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты