​Түркияда жер титиреди (Видео)

  • 3 года мурун

30-октябрда Түркиядагы жер титирөөдөн акыркы маалыматтарга караганда, 12 киши каза таап, 522 киши жабыркады.

Бул тууралуу РИА-Новости агенттиги Түркиянын шаар курулушу жана айлана-чөйрөнү коргоо министри Мурат Курумдун айткандары боюнча билдирди.

Дагы урандылар алдында кишилер бар экени жана куткаруучулар иштеп жатканы айтылды.

Жума күнү күндүз Түркиянын батыш жагында, Измир провинциясынын Сеферихисар шаарына жакын жерде магнитудасы 6,6 балл болгон жер титирөө болгон. Жер титирөө анча чоң эмес цунамини да алып келген.

Сүрөт жана видео: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты