Галина Байтерек Президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды
- 4 года мурун
Галина Байтерек Президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 29-октябрда кол койду.
Галина Байтерек 1971-жылдын 19-июлунда туулган. . 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус филологиясы факультетин бүтүргөн.
Ал КТРК жана ЭлТР каналдарында алып баруучу жана автордук программалардын уюштуруучусу болуп иштеген.
Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун учурундагы басма сөз катчы Толгонай Стамалиева кызматынан бошотулган.
Муну бөлүшүү