​Өкмөттүн алгачкы отуруму: Көйгөйү көп бюджет

Жаңы куралган Өкмөт бүгүн алгачкы ирет жыйынга чогулду. Анда экономиканы турукташтыруу жана 2020-жылдагы өлкөнүн бюджети, ошондой эле 2021-2022-жылдарга бюджет божомолдору тууралуу маселе каралды.

Жыйында экономика министри Санжар Муканбетов жана финансы министри Кыялбек Мукашев баяндама жасашты.

Экономика министри Муканбетов короновирус илдетинен улам экономиканын жабыркагандыгын билдирип, кыска убакытта калыбына келтирүү планын сунуштады.

Анын айтымында, экономиканы калыбына келтирүү үчүн негизги 5 кадамды аткарыш керек: “Чакан жана орто бизнести колдоо, инвесторлорду коргоо; бюджетти колдоо бөлүмүндөгү негизги багыттарды аткаруу; экспорттук-импорттук операцияларды колдоо; экономика секторун санариптештирүү; административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана бизнести жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү биздин экономиканы кыска убакытта калыбына келтирүүгө жардам берет”.

Ал эми финансы министри Кыялбек Мукашев 2020-жылдын бюджетинде 35,6 млрд. сом тартыштык бар экенин билдирди:

“Быйыл республикалык бюджет 35,6 млрд.сом тартыштыгы менен келе жатат. Ошондой эле 2020-жылдын 8-июлуна алынган такталган республикалык бюджеттин кирешеси 1784 млн. сомду түзө турганы пландалып жатса, чыгаша 9733 млн.сомду түзөөрү күтүлүүдө. 2021-жылдын бюджетинде 7949 млн.сом тартыштык болоору божомолдонууда” деди.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков айлык-акы, пенсия жана жөлөк-пулдар өз убагында берилиши керек экендигин белгиледи:

“Биз азыр милдеттүү чыгашаларды сырттан келген жардамдардын эсебинен берип жатабыз. Социалдык төлөмдөрдү ички кирешеден берип, сырттан келген каражаттарды өнүктүрүү долбоорлоруна жумшообуз керек” деди..

Мындан сырткары премьер-министр Садыр Жапаров тийиштүү министрликтерге тапшырма берип, коронавирус илдетинин алдын алуу,,социалдык төлөмдөр, кышка даярдык, тамак-аш коопсуздугу камсыздалышын талап кылды.

Садыр Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү 28-октябрда ант беришкен. Бул — Кыргызстан тарыхындагы 31-өкмөт.

Алтынай Нурланова

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты