​Өкмөт башчы жана өкмөт мүчөлөрү ант беришти

  • 3 года мурун

«АлаАрча» мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 28-октябрда, Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында премьер-министр Садыр Жапаров жана өкмөт мүчөлөрү ант беришти.

Ант бергендер:

Премьер министр Садыр Жапаров;
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков;
Вице-премьер-министр Максат Мамытканов;
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева;
Вице-премьер-министр Равшан Сабиров;
Өкмөттүн аппарат жетекчиси Аманбаев Бактыбек;
Ички иштер министри Ниязбеков Омор;

Өзгөчө кырдаалдар министри Ажыкеев Бообек;

Юстиция министри Жаманкулов Марат;

Финансы министри Мукашев Кыялбек;
Экономика министри Муканбетов Санжар;
Айыл-чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Токтогазиев Тилек;
Транспорт жана жолдор министри Бердалиев Бакыт;
Билим берүү жана илим министри Бейшеналиев Алмазбек;;
Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр;
Маданият, маалымат жана туризм министри Кадырбеков Нуржигит;;
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек;
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Тердикбаев Эрлис;
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Сагынбаев Жыргалбек
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Исмаилов Алтынбек ант беришти.

Тышкы иштер министри Казакбаев Руслан командировкада болгондугуна байланыштуу ант берүү аземине катыша албай калганы белгиленди.

14-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары Өкмөттүн курамын жана программасын бекиткен.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты