Парламент Сурабалдиеваны вице-премьерликке жактырды. Исмаилованын талапкерлиги колдоо тапкан жок
- 4 года мурун
Жогорку Кеңеш комитети мурдагы депутат Эльвира Сурабалдиеваны вице-премьер-министрликке, мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилованы эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына сунушту жактырган.
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Элвира Сурабалдиеванын талапкерлиги вице-премьер — министрлик кызматка колдоо тапты.
Аида Исмаилованын талапкерлиги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында колдоо тапкан жок.
Эльвира Сурабалдиеванын жана Аида Исмаиолованын талапкерлигине Жогорку Кеңештин комитети макулдук берген.
«Ала -Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Бүгүн премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү ант берет.
Муну бөлүшүү