​Өкмөт башчы жана мүчөлөрү ант берет

  • 3 года мурун

Бүгүн, 28-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Жыйында Премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсү болот.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралат.

14-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары Өкмөттүн курамын жана программасын бекиткен.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты