2010-жылы июнь айында жапырт баш-аламандыкты уюштурууга шектүүлөр кармалды

  • 6 месяцев мурун

Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын июнь окуясында жапырт баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр жана анын лидерлери болгондор кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 13-ноябрда Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынан Кыргыз Республикасасынын Г.Т.У. аттуу жараны кармалды. Ал 2010-жылдын июнь айында Сузак районунун аймагында жапырт баш-аламандыкты уюштурууга активдүү чакырып, жол тосууну, тосмо орнотууну жана сепаратисттердин көзөмөлүндөгү аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салуу уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлеринин бири болгондугу аныкталган

Ал 2010-жылы Сузак районунун “Круговое” жер тилкесине жооптуу болгон. Р.А.нын жашаган жерин тинткенде снайпердик мылтык, Prazise Jagen оптикасы жана Pulsar түнкү көрүү аппараты , 13 калибрлүү FABARM XLR, ошондой эле 76 даана ок табылган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты