2010-жылдагы Ош окуясы боюнча Караматхон Абдуллаева кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында, мурда издөөдө жүргөн Караматхон Абдуллаева 22-апрелде кармалды.

Бул тууралуу Ош шаардык ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Сырттан соттолгон Абдуллаева Ош шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. К.Абдуллаева 2010-жылдагы Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө болгон. 2014-жылы сырттан 16 жылга соттолгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты