Коронавирустун 606 учуру катталды
- 4 года мурун
25-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 606 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 88;
Ош — 36;
Чүй облусу – 29;
Ош облусу — 97;
Талас облусу — 24;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 41;
Жалал-Абад облусу – 184;
Баткен облусу — 105.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 55 750 кишиге жетти.
Өткөн суткада коронавирустан 279 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 47 616 кишиге жетти.
4 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1134 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү