Жогорку Кеңештин жыйыны төрт сааттан ашык кечигип ачылды

  • 3 года мурун

Дээрлик төрт сааттан ашык кечигүү менен Жогорку Кеңештин чукул жыйыны башталды.

Жыйынга 83 депутат катышып жатат.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору каралат.

21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы күн тартибинде депутат Алтынбек Сулайманов баштаган депутаттар тобунун шайлоо босогосун 3%га, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго түшүрүүнү жана Форма-2ни жокко чыгарууну мыйзам долбооруна сунуш кылган өзгөртүүлөр күн тартибинде каралып, 1-окууда кабыл алынган. Аны 83 депутат колдогон.

Депутат Талант Мамытов парламенттик кайра шайлоо мөөнөтү жылдырыларын, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш жыйынында бүгүн талкууга коюларын журналисттерге билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты