Мамытов: Парламенттик кайра шайлоо жылдырылат. Конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору талкууланат

  • 3 года мурун

Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өткөнү жатат.

Анда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору каралат.

Депутат Талант Мамытов парламенттик кайра шайлоо мөөнөтү жылдырыларын, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш жыйынында бүгүн талкууга коюларын журналисттерге билдирди.

— Мыйзамдын талаптарына ылайык, парламенттик шайлоо белгиленип калган. Бирок эпидемиялык абалды, коомдук абалды эске алуу менен КР Президентин, Жогорку Кеңеши тууралуу конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш кароосуна коюлат, -деди Талант Мамытов.

Парламенттик кайра шайлоону БШК 20-декабрга белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты