​УКМК: Камчы Көлбаев уюшкан кылмыштуу топ түзүү боюнча ишке байланыштуу кармалды (ВИДЕО)

“Мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаев (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу 22-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал боюнча материалдар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 249-беренесинин биринчи бөлүгүнүн (Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу) негизинде каттоого алынды.

22-октябрда Көлбаев кайсы жерде экени аныкталып, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тергөө иштерин жүргүзүү үчүн жеткирилгени, өзүнүн жана аны менен байланышы бар адамдардын кылмыштуу ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынары айтылды.

Көлбаев ишкерлерди кысымга алганы аныкталса жазага тартыларын 16-октябрда УКМКга төрага болуп жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев билдирген.

Ал «Камчы Көлбаев кысым кылып же мыйзам бузса жазага тартылат. Жазаланып гана эмес, камакка отургузулат. Бандиттер, силерге өтө кыска мөөнөт берилет! Силер же мыйзам боюнча жашагыла, же өзүңөр мыйзам негизинде камерага баргыла, же биздин коомдон, мамлекеттен кетип калгыла» деп айткан.

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн кылмыштуу уюшкан үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган.

46 жаштагы Көлбаев 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда социалдык түйүндөрдө «Көлбаев Бишкекте бир нече машиненин коштоосунда жүрөт, мамлекеттик резиденция тарапка өтүүгө аракет кылды» деген сүрөт жана видеолор жарыяланган.

Бүгүн УКМК Камчы Көлбаевдин кармалганын кабарлаган.

Сүрөт:FRE/RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты