​Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөт

  • 3 года мурун

20-декабрда парламенттик кайра шайлоо өтөт. Мындай чечим бүгүн, 21-октябрда, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты