УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын иши жандандырылды
- 2 жыл мурун
Конституциянын 65-беренесине ылайык, өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын иши жандандырылды.
Бул тууралуу жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 16-октябрда кол койгондугун Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоюу жөнүндө жарлыкка14-октябрда кол койгон.
Садыр Жапаров 16-октябрда Бекбосун Апсатаровду УКМК Коррупцияга каршы кызматынын директору кызматына дайындаган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматынын иши улантылат.
Муну бөлүшүү