200 миң доллар пара алууга шектелип, УКМК кызматкери кармалды
- 4 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Аскер прокуратурасы менен бирге УКМК кызматкери С.М.ны 200 миң пара алууга шектүү катары кармады.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын февралында чарба жүргүзүүчү субъекттин уюштуруучусу тергөө менен жеке маселесин чечүү үчүн УКМК кызматкери С.М.га 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын бергени аныкталган. Бирок УКМК кызматкери акча каражаттарын алуу менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммасын минималдаштыруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткара алган эмес.
Андан ары арыз ээси С.М.дан мурда берилген акча каражаттарын кайтарып берүүнү талап кылган. Бирок, ал мурда алынган каражаттарды кайтарып бере алган эмес.
Аталган факты боюнча 2025-жылдын 12-июнунда Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Бардык жагдайлар такталган соң, С.М. дискредитацияга байланыштуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынан бошотулду.
Аталган кылмыш ишинин алкагында кармалган кызматкер КР жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан