200 миңден ашык куту тамеки тоңдурулган тамак-аштын арасында ташылып келген

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан «Чалдыбар-унажолу» өткөрүү пунктунан аткезчилик жол менен 211 миң кутудан ашык тамеки каражаты кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

24-августта Кыргыз Республикасынан чыгып баратканда тамеки буюмдарын мыйзамсыз ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалган.

Анда мыйзамсыз аракеттерди жашыруу максатында 211 миң куту тамеки буюмдары тоңдурулган тамак-аштын арасына бекитилип, тиешелүү уруксат документтери жок ташылып келген.

Маалыматтар боюнча, конфискацияланган контрабандалык товардын баасы 21 миллион сомдон ашык, ал эми төлөнүүчү салыктын суммасы 9 миллион 495 миң сомду түзгөн.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кабарлады.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты